«Кыргызтелеком» Эркиндик бульварына бекер WI-FI аймагын ишке киргизди.
Компаниядан билдиришкендей, бул — «Жеткиликтүү санарип дүйнө!» социалдык долбоорунун алкагында ишке киргизилген экинчи аймак.
Борбор калаанын тургундары жана коноктору Эркиндик бульварында Бөкөнбаев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин «Кыргызтелекомдун» бекер WI-FI аймагын күнү-түнү пайдалана алышат.
Биринчи бекер WI-FI аймагы сентябрдын башында Сокулук районунун Фрунзе айыл округунда ишке киргизилген.