Биз менен байланышыңыз

Батукаевдин иши. Атамбаевге чыккан өкүм күчүнө кирди

Кыска кабар | 19 Окт 2021 | 815 | 0

Жогорку сот 12-октябрда Азиз Батукаевдин иши боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырды. Ага ылайык, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата кабыл алынган өкүм кайра күчүнө кирди.

Бул тууралуу 19-октябрда Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин «Батукаев иши» боюнча Алмазбек Атамбаев 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган. Сот аны Кылмыш кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча күнөөлүү деп тапкан.

2020-жылы 30-ноябрда Жогорку Сот кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу тууралуу Атамбаевге козголгон иш боюнча мурдагы инстанциялардын өкүмдөрүн жокко чыгарып, материалдарды Бишкектин Биринчи май райондук сотунун кайра кароосуна жөнөткөн. Башкы прокуратура бул токтомду жокко чыгарып, мурдагы чечимди күчүндө калтырууну өтүнгөн.

Кримтөбөл Азиз Батукаев Кыргызстанда бир канча берене боюнча соттолуп, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган болчу. 2013-жылы ал «айыккыс илдетке» кабылды деген негизде түрмөдөн чыгарылып, Орусияга учуп кеткен.

Батукаев түрмөдөн негизсиз бошотулган деген жүйө менен бул иш 2019-жылы кайрадан каралып баштаган. Анда кылмышка тиешеси бар делип бир канча чиновникке иш козголгон. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да сот жообуна тартылып, ага 11 жыл абак жазасы белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM