Connect with us

Кыргызстанда быйыл 38,9 миӊ тонна кант өндүрүлдү

Кыска кабар | 6 Ноя 2024 | 298 | 0

Кыргызстанда 2024-жылдагы кант кызылчасынын түшүмүн жыйноо, кабыл алуу жана кайра иштетүү улантылууда.

5-ноябрга карата «Кайыӊды-Кант» жана «Кошой» кант заводдору 637,7 миң тонна кант кызылчасын кабыл алды. Айдоо талаалардан кызылча кабыл алуу жайларына унаалар дээрлик 39 миӊ каттамды ишке ашырышты.

Сезондун башталышынан тартып ишканалар 290,9 миӊ тонна кант кызылчасын кайра иштетишти жана 38,9 миӊ тонна кант өндүрүштү.

Кызылча кантын өндүрүү заводдордо 2025-жылдын февраль айына чейин улантылат. Кайра иштетүү ишканаларынын үзгүлтүксүз иштешин 1500 ашык киши камсыз кылат.

Эске салсак, быйыл кант кызылчасы себилген жалпы аянт 15 миӊ гектар жерди түздү. Фермерлер 900 миӊ тоннага жакын рекорддук көлөмдөгү түшүм жыйнап алууну пландоодо. Божомол боюнча, бул сезондо 120 миӊ тонна кумшекер өндүрүлөт, бул өлкөнүн кантка болгон муктаждыгын 100% камсыз кылат.

Кант заводдору менен 3 685 фермер келишим түзгөн. Жалпы кант өндүрүү тармагына 100 миӊдей кыргызстандык тартылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM