Биз менен байланышыңыз

Улан Сарбанов Финансы рыногун көзөмөлдөө кызматын жетектемей болду

Кыска кабар | 19 Окт 2021 | 234 | 0

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына төрага болуп Улан Сарбанов дайындалды. Аталган кызматтын жамаатына Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев тааныштырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Улан Сарбанов Новосибирск мамлекеттик университетинин экономикалык кибернетика факультетин инженер-программист адистигинде аяктаган. Кийинчерээк АКШдагы Жоржтаун университетинде билим алган. Ушул жерде окуп жүрүп, Эл аралык валюта фондунан практикадан өткөн. Экономика илимдеринин кандидаты, II класстагы мамлекеттик кеңешчи, «Даңк» медалынын сыйлануучусу. Кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйт.

Эмгек жолу: 

1991-1993-жылдары — СССР Илимдер академиясынын Экономика жана өнөр жай өндүрүмүн уюштуруу институтунда иликтөөчү-стажер, кенже илимий кызматкер;

1993-1997-жылдары — Улуттук банктын аппарат кызматкери, жетектөөчү инженер, экономика департаментинин башчысы;

1997-1999-жылдары — Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөсү;

1999-жылы — Улуттук банктын төрагасынын милдетин аткаруучу;

2000-2006-жылдары — Улуттук банктын төрагасы;

2007-2008-жылдары — «Экобанктын» Директорлор кеңешинин төрагасы;

2003-2007-жылдары — Кыргыз улуттук университетинин банк менеджменти кафедрасынын башчысы (банктагы кызматы менен бирге);

2007-2011-жылдары — Кыргыз улуттук университетинде окутуучу;

2007-2009-жылдары — «Прагма» корпорациясынын Кыргызстандагы кеңсесинде экономика маселелери боюнча кеңешчи;

2008-2009-жылдары — «Демир банктын» Директорлор кеңешинин мүчөсү;

2009-2010-жылдары — Азия Универсал банктын алдындагы Кайрымдуулук фондунун («АУБ-Благотворительность») аткаруучу директору;

2009-2011-жылдары — Борбор Азиядагы Америка университетинин (АУЦА) Камкорчулар кеңешинин мүчөсү;

2010-жылы — Улуттук банктын төрагасынын кеңешчиси;

2011-2013-жылдары — Евразия өнүктүрүү банкында бөлүм башчы;

2013-жылы — «Демир банктын» Директорлор кеңешинин мүчөсү;

2013-2014-жылдары — Орусия инвестициялык банкынын төрагасы;

2014-2015-жылдары — Орусия инвестициялык банкынын Директорлор кеңешинин мүчөсү;

2015-2016-жылдары — Орусия инвестициялык банкынын Директорлор кеңешинин төрагасы;

2019-2020-жылдары — Улуттук илимдер академиясында жетектөөчү илимий кызматкер.

Булардан тышкары:

2014-жылдан бери Экономика министрлигине караштуу Депозиттерди коргоо агенттигинин кеңешчи-эксперттер тобунун мүчөсү;

2015-жылдан бери Экономика министрлигинин эксперттик кеңешинин мүчөсү;

2016-жылдан бери Кувейт эл аралык университетинде окутуучу;

2016-жылдан бери EdNet агенттигинин Аккредитация боюнча кеңешинин мүчөсү;

2017-жылдан бери Борбор Азиядагы Америка университетинин Коомдук илимдер жана маалыматтык технологиялар институтунда прфессордун милдетин аткаруучу.

2005-жылы Башкы прокуратура Улан Сарбановго Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирүү», «ири өлчөмдөгү акча уурдоого катышуу» беренелери менен иш козгоп, үй камагына алган. 2006-жылдын мартында соттук териштирүүлөрдүн башталганына байланыштуу Улуттук банктын төрагасы кызматынан убактылуу четтетилген. Ушул эле жылы 30-мартта кызматынан биротоло кеткен. 2006-жылдын 26-апрелинде соттон акталып чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM