Биз менен байланышыңыз

БШК: 20 партия документтерин толук тапшырды

Кыска кабар | 19 Окт 2021 | 590 | 0

18-октябрда БШК парламенттик шайлоого катышуу үчүн арыз жазган партиялардын документтерин кабыл алууну аяктады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 20 партия талап кылынган документтерин, анын ичинде талапкерлердин тизмесин жана 1 млн сом күрөөсүн берди. «Жашасын Кыргызстан» жана «Ак Асаба» партиялары документтерин кечиктирип, катачылыктарга жол берүү менен алып барышкан.

Документтерди толук жана өз убагында тапшырган партиялардын тизмеси:

  • «Улуттар биримдиги»,
  • «Ишеним»,
  • «Альянс»,
  • «Кыргызстандын Жашылдар» партиясы,
  • «Кыргызстандын биримдик патриоттук» партиясы,
  • «Ата Мекен»,
  • «Ыйман Нуру»,
  • «Эл Үмүтү» коомдук саясий партиясы,
  • «Азаттык»,
  • «Ынтымак»,
  • «Күчтүү регион»,
  • «Бүтүн Кыргызстан»,
  • «Аруузат- Эл Куту»,
  • «Ата Журт -Кыргызстан»,
  • «Мекенчил Эл»,
  • «Ордо»,
  • «Багыт» партиясы,
  • «Улуу Журт»,
  • «Легалайз»,
  • «Социал-демократтар».

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан келет. Шайлоого катышуу ниетин 71 партия билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM