Биз менен байланышыңыз

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 381 талапкердин 80и катталды

Кыска кабар | 19 Окт 2021 | 546 | 0

Бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу ниетин билдирген 381 адамдын 80и каттоодон өттү.

Алардын тизмеси БШКнын сайтында көрсөтүлдү. Катталган 80 талапкердин ичинен Дастан Бекешев, Нурбек Токтакунов, Атыр Абдрахматова, Арсланбек Малиев, Тазабек Икрамов, Искендер Матраимов, Акылбек Сариев, Жаныбек Абиров сертификаттарын алышты.

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан келет. Шайлоого катышуу ниетин 71 партия билдирип, бирок 18-октябрга карата 21 партия катталган.

Copyright © 2017 Maral FM