Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Кыргызстанда миңден ашык адам дарыланып жатат

Кыска кабар | 14 Окт 2021 | 227 | 0

14-октябрга карата дагы 91 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинде Бишкек шаарында – 57, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 17, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет  табылган.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 583 адам коронавирус жукту.

Акыркы суткада 3 бейтап кайтыш болуп, жалпы өлүм учурлары 2 миң 627ге жетти.

Дагы 87 адам илдеттен сакайып, жалпы 174 миң 407 киши айыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда 455 бейтап, үй шартында 596 адам дарыланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM