Биз менен байланышыңыз

Министрлер кабинетинин жаңы курамынын болжолдуу тизмеси

Кыска кабар | 12 Окт 2021 | 1477 | 0

Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 12-октябрда кол койду.

Жаңы Конституцияга ылайык, Акылбек Жапаров Президенттин администрациясын да жетектейт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 12-октябрда кызматынан бошотулду.

Ушул эле күнү президент Садыр Жапаров «Министрлер кабинетинин кызматтан кетүүсү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Министрлер кабинетинин азыркы курамы таратылды. Эми алар Министрлер кабинетинин жаңы курамы түзүлүп, бекитилгенге чейин милдеттерин убактылуу аткарып турушат.

Министрлер кабинетинин жаңы курамынын болжолдуу тизмеси: 

-Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары — Арзыбек Кожошев;

-экономика маселелери боюнча орун басар — Азиз Аалиев;

-социалдык маселелер боюнча орун басар — Эдил Байсалов;

-коопсуздук тармагы боюнча орун басар — Камчыбек Ташиев;

-экономика министри — Данияр Амангелдиев;

-финансы министри — Алмаз Бакетаев;

-юстиция министри — Аяз Баетов;

-маданият жана маалымат министри — Азамат Жаманкулов;

-социалдык өнүктүрүү министри — Кудайберген Базарбаев.

Азыркы кызмат ордун сактап калгандар:

-Руслан Казакбаев — тышкы иштер министри;

-Улан Ниязбеков — ички иштер министри;

-Болотбек Купешов — билим берүү жана илим министри;

-Алымкадыр Бейшеналиев — саламаттыкты сактоо министри;

-Аскарбек Жаныбеков — айыл чарба министри;

-Эркинбек Осоев — транспорт министри;

-Доскул Бекмурзаев — энергетика министри;

-Бактыбек Бекболотов — коргоо министри;

-Динара Кутманова — экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы;

-Бообек Ажикеев — өзгөчө кырдаалдар министри.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM