Биз менен байланышыңыз

Чыңгыз Айдарбеков «Альянс» партиясына кошулду

Кыска кабар | 12 Окт 2021 | 687 | 0

Мурдагы Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Альянс» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү болду. Бул тууралуу аталган партиядан кабарлашты.

Бүгүн, 12-октябрда партия съездин өткөрүп жатат. Ага депутаттар Алтынбек Сулайманов, Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев, Айсулуу Мамашова, Абдывахап Нурбаев, Дастан Бекешев, Нурбек Мурашев, Дүйшөн Төрөкулов катышууда. Ошондой эле Элдар Абакиров, Чыңгыз Айдарбековдор да бар.

Партиянын саясий кеңешине 7 адам мүчө болду. Бүгүн талапкерлердин тизмеси бекитилет.

Чыңгыз Айдарбеков 2018-2020-жылдар аралыгында Тышкы иштер министри болуп эмгектенген. Былтыр 22-октябрда Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, президенттин тышкы стратегиялык саясат жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалган, ал кызматтан декабрда өзү берген арыздын негизинде бошотулган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Учурда партиялар талапкерлеринин тизмесин тактоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM