Биз менен байланышыңыз

Мариповдун ордуна Жапаров келери күтүлүүдө

Кыска кабар | 11 Окт 2021 | 1840 | 0

Кыргызстанда министрлер кабинетинин төрагасы алмашат. Бул тууралуу «Маралга» өкмөттөгү жеке булактары тастыктады.

Маалыматка караганда, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун ордуна азыркы экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров болору күтүлүүдө.

Бул боюнча тар чөйрөдө көптөн бери айтылып келе жаткан. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин коопсуздук тармагын жетектеген вице-премьер-министр болору азырынча белгисиз.

Улукбек Марипов аткаруу бийлигинин башына быйыл февраль айында келген.

Copyright © 2017 Maral FM