Биз менен байланышыңыз

«Кыргызкөмүр»: Бишкекте көмүрдүн баасы 4500 сомдон жогорулаган жок

Кыска кабар | 11 Окт 2021 | 470 | 0

Бишкек шаарында көмүрдүн бир тоннасы 4500 сомдон жогору көтөрүлгөн жок. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары Надырбек Бекжанов «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

Ал учурда көмүргө болгон талап көп болгондуктан алып сатарлар гана бааны көтөрүп жатканын белгилейт.

Ал эми көмүр казылып жаткан кенде өз баасы 1330 сомду түзөт. Бишкекке жеткирүүдөгү жол акыга ишкана көзөмөл кыла албайт.

«Учурда балким Ош, Баткен облусунда көмүрдүн баасы 7-8 миң сомго жетип жатат, бирок Бишкекте эмес. Анткени түштүк аймактарда көмүр казуунун өзү кымбат. Ошондой эле Каракол облусунда жолдун алыстыгына байланыштуу баалар 6-7 миң сомго чейин«, — деди Надырбек Бекжанов.

«Кыргызкөмүр» жетекчиси: Кышка жетерлик көмүрүбүз бар

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM