Биз менен байланышыңыз

«Кыргызкөмүр» жетекчиси: Кышка жетерлик көмүрүбүз бар

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Окт 2021 | 807 | 0

Бизде кышка жетерлик көмүр бар. Бул туурасында «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Мирлан Жакыпов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө «Кара-Кечеде» 200 миң тонна көмүр жүктөгөнгө даяр турат. Мындан тышкары дагы казылып атат.

«Жалпы республика боюнча бир кышта 3 млн тонна көмүр жагылат. Мунун ичинен 1 млн 125 миңин карапайым калк жагат. Андан тышкары 240 миңди социалдык мекемелер, оорукана, мектептер жагышат. 1 млн 600 миңди Бишкек жылуулук борбору жагат.

950 миңи «Кара-Кечеден» келет, 50 000 тоннаны биздин Таш- Көмүрдөгү ишканалар коет, андан тышкары 600ү Казакстандан импорттолуп алынып келинет. Бизде кышка көмүрүбүз бар, жетет. Бүгүнкү күндө 2-3 айга жүктөгөнгө көмүрүбүз ачык, жүктөгөнгө даяр», -деди Жакыпов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM