Биз менен байланышыңыз

Бек Борбиев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койду

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 10 Окт 2021 | 2478 | 0

Кыргыз Республикасынын эл артисти, эстрада ырчысы Бек Борбиев да Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койду. Бул тууралуу ал өзү Инстаграм баракчасына жазды.

Маалым болгондой, Бек Борбиев шайлоого «Ата журт Кыргызстан» саясий партиясы менен 17-катарда аттанган.

«Урматтуу достор, 28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоого «Ата журт Кыргызстан» саясий партиясы менен 17-тизмеде сапар алдым. Эмнеге дегенде, партиянын программасы, стратегиясы, келечекке болгон көз карашы менин дилим менен 100 пайыз дал келди. Албетте, 3-4 партиядан мага сунуш келген, бирок жүрөгүмдүн үнүн угуп, ушундай чечимге келдим», — деп жазды ал.

Белгилей кетсек, Бек Борбиев 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM