Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы кабарлагандай, таш кулатуу иштери 11-15-октябрь күндөрү болот.
Жумуш Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым -жартылай тоскондон кийин күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.
Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолуп калса, таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.
Иш-чаралар аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.