Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 7-октябрда Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында абаны температурасы 0…-2 градуска чейин төмөндөйт.
Чүй облусунун түндүгүндө жана Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4 градус үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.