Бүгүн, 6-октябрда «Ынтымак» жана «Келечек» партиялары парламенттик шайлоого чогуу баруу үчүн биригишти.
Макулдашууга эки партиянын жетекчилери — Марлен Маматалиев («Ынтымак») жана Чыңгыз Макешов («Келечек») кол коюшту.
Кыргызстанда 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн 72 партия катталган.
Ал эми бир мандаттуу округ боюнча катышууну каалаган талапкерлердин саны 6-октябрга карата 108ге жетти.