Биз менен байланышыңыз

Дүйнө биринчилиги: Айпери Медет кызы жарым финалда

Кыска кабар | 5 Окт 2021 | 359 | 0

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтына жарыяланды.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта мелдештин 1/8 финалында болгариялык Мария Орешкова менен күрөшүп, атаандашын 10:0 эсебинде утуп алды.

Чейрек финалда орусиялык Марина Суровцева менен күрөшүп, аны да 10:0 эсебинде жеңген. Эми жарым финалдык беттеште Эстониялык спортчу менен килемге чыгат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча кечки саат 20:45те башталат.

Бүгүн, 5-октябрда дагы бир балбан Айсулуу Тыныбекова финалда алтын байге үчүн Америкалык Кайла Колиин Кийоко Миракл менен күрөшөт. Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча кечки саат 22:00дө башталат.

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-10-октябрда Норвегиянын Осло шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан 15 балбан барган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM