Биз менен байланышыңыз

Октябрь окуясы: Үмүтбектин атасына үйдүн ачкычы тапшырылды (сүрөт)

Кыска кабар | 5 Окт 2021 | 524 | 0

Президент Садыр Жапаров 5-октябрда 2020-жылдын октябрь окуялары учурунда каза болгон Үмүтбектин атасы Алтынбек Жуматаев жана эжеси Инаят Жээналиева менен жолугушту.

Президенттин сайтындагы маалыматка караганда, жолугушуу алдында Жапаров Үмүтбектин арбагына багыштап Куран окуду.

Садыр Жапаров Үмүтбектин жакындарына көңүл айтып, Бишкек шаарындагы эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Жолугушуудан соң Бишкек мэри Айбек Жунушалиев каза болгон жигиттин үй-бүлөсүнө жаңы батирин көрсөттү.

Сентябр айынын башында Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсүнө убада кылынган батирдин бериле электиги коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. Ага байланыштуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Садыр Жапаров батир боюнча тапшырманы былтыр күзүндө эле бергенин, бирок мэриядагы адамдар ал маселени убагында чечпегенин билдирген.

Былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого нааразы болгондор 5-октябрда нааразылык акциясына чыгышкан. Ал массалык башаламандыкка айланып, бийлик алмашкан. Башаламандык учурунда 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM