Биз менен байланышыңыз

Президент мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 5 Окт 2021 | 425 | 0

Президент Садыр Жапаров 5-октябрда мугалимдерди жана билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Анын билдирүүсүндө бүгүнкү күндө билим берүү дүйнө жүзүндө артыкчылыктуу багыттардын бири экени айтылат.

«Заманбап билим берүү — бул жөн гана билим топтоо эмес, бул окуучулардын аналитикалык жөндөмдүүлүгүн жана сынчыл ой жүгүртүүсүн өркүндөтүү, өзүнө жоопкерчилик алууга даярдоо экендигине ынандым. Мындай жөндөмдүүлүктүн баарын биздин балдарыбызга мугалимдер үйрөтөт. Мына ошондуктан ар бирибиз педагог – бул өлкөнүн тиреги экенин, аларсыз туруктуу коомду жана демократиялык мамлекетти курууга мүмкүн эместигин жакшы түшүнүшүбүз кажет»,-деп айтылат куттуктоодо.

Президент өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн иш жүзүндө мугалимдердин жогорку статуска жетишине кам көрүү керектигин айтат. Ошондой эле келечеку муундун билимдүү болушу үчүн мугалимдердин эмгегин баалоого мезгил келгенин кошумчалайт.

«Биз мугалимдик кесиптин кадыр-баркын арттырууга ниеттенип жатабыз. Кыргызстан элинин сабаттуу болушун, жаштарыбыздын сапаттуу билим менен камсыздалышын кааласак, билим берүү кызматкерлеринин — мугалимдердин эмгегине көңүл бурууга мезгил келип жетти. Себеби, эртеңки келечегибиз мугалимдер окутуп жаткан балдардан көз каранды. Учурда биз динамикалык мезгилде жашап жатабыз: илим өнүгүүдө, методдор өркүндөтүлүүдө, билим берүүнүн мазмуну жаңыланууда. Ошентсе да, эң заманбап делген маалыматтык технологиялар дагы эч убакта мугалим менен болгон байланышты алмаштыра албайт«,-дейт Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM