Биз менен байланышыңыз

Баткенди өнүктүрүү форуму өтөт

Кыска кабар | 4 Окт 2021 | 303 | 0

14-октябрда Баткен шаарында «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» форуму өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен кабарлашты.

Форумга Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустардын, финансылык институттардын, бизнес-омбудсмен өкүлдөрү, атамекендик ишкерлер жана бизнес-түзүмдөр катышат.

Иш-чара «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» президентинин Жарлыгынын алкагында өтүүдө. Ошондой эле облустун экономикалык потенциалын кеңейтүү, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү, элдин жашоо сапатын жогорулатуу максатында уюштурулууда.

Форумдун алкагында маанилүү макулдашуулар да болору күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM