Биз менен байланышыңыз

Түнкү убакта Бишкектин тышкы жарыктандыруусу чектелбейт

Кыска кабар | 4 Окт 2021 | 502 | 0

Улуттук энергохолдинг тарабынан түнкү убакта Бишкектин тышкы жарыктандыруусуна чектөө койбоо боюнча чечим кабыл алынды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12,3 млрд кубметрди түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 3 млрд кубметрге аз.

Үстүбүздөгү жылдын август айында Токтогул суу сактагычында суу ресурстарынын топтолушунун учурдагы абалы, ошондой эле электр энергиясын үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгы тууралуу калкка жана үй чарбалык эмес абоненттерге түшүндүрүү иштери башталган.

Учурда өлкө боюнча электр энергиясын үнөмдөп колдонуу керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ошентип, 26-сентябрдан баштап орточо суткалык үнөмдөө күнүнө 400-500 миң кВт саатты түзүдө.

Энергетикалык компаниялар тарабынан уруксат берилген кубаттуулуктун колдонулушун сактоо үчүн керектөөчүлөрдү инвентаризациялоо жүргүзүлүүдө, дебитордук карызы бар керектөөчүлөр өчүрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM