Биз менен байланышыңыз

Бүгүн түндө Бишкекте жылуулук бериле баштайт

Кыска кабар | 4 Окт 2021 | 383 | 0

5-октябрга караган түнү Бишкекте жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Мэрияда 2021-2022-жылдардын күз-кышкы мезгилине даярдык боюнча шаардык штабдын жыйыны болуп, анда жылытуу мезгилин баштоо мөөнөтү талкууланды.

Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин буйругу менен 5-октябрь түнкү саат 12ден тарта жылуулук берилмей болду.

Жылуулук берүү бир канча күнгө созулат. Эң алгач мектептер, оорукана, бала бакчалар, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелерине берилет.

Андан кийин карылар үлөрү, өнөр жай ишканаларына жана үйлөргө таратыла баштайт.

Сырттагы абанын орточо суткалык температурасы беш күн бою +8˚С болгондо жылуулук бериле баштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM