Казакстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү өтөт. Анда Казакстандын искусство чеберлеринин концерти, казак кино күндөрү, Казакстандын археологиялык артефактары менен көркөм сүрөт көргөзмөсү, этно-фольклордук концерти өтөт.
Ошондой эле казак элинин улуу акыны агартуучу Абай Кунанбаевтин өмүрүнөн алынган “Абай операсы” көрсөтүлөт.
Казакстандан 300дөн ашуун белгилүү маданият өкүлдөрү келет.
Казакстан киносунун күндөрүнүн расмий ачылышы 7- октябрда болот.
Мындан сырткары, маданият күндөрүнүн алкагында бир катар эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.