Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 5-октябрда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14;
Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;
Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 0…5, айрым аймактарда -4 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт. Күндүз 10…15 градус.
Бишкек шаарында 5-октябрда жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 10…12 градуска чейин жылыйт.