Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Арменияга да элчи болуп дайындалды.
Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Гүлнара-Клара Самат 22-февралда Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. Ал буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон.