Бүгүн, 4-октябрда Ак үйдүн алдына Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраевге каршы митинг өтүп жатат.
Ал жерде чогулгандар депутаттын үй-бүлөсүн алдамчылыкка айыптап, алган акчаны кайтарууну талап жатышат.
Алар бул иште президенттен жардам сурап жатышат. Ал эми депутат бул ишке эч кандай тиешеси жоктугун билдирүүдө.