Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Касенов киши өлтүрүүгө аракет кылуу фактысы боюнча кармалды

Кыска кабар | 1 Окт 2021 | 739 | 0

Максат Касеновдун кармалышына байланыштуу Ички иштер министрлиги маалымат тартты.

Маалыматка ылайык, Касенов Жазык кодексинин 39-130-беренеси (Адам өлтүрүүгө аракет кылуу) менен ИИМдин кызматкерлери тарабынан кармалган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ал Бишкекке тергөө органдарына жеткирилген.

Мындан тышкары, шектүүнүн Каракол шаарындагы үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында ок атуучу куралдар табылган.

Учурда жарандын башка кылмышка катыштыгы бардыгы такталууда.

Ал Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда ИИМдин Тергөө кызматы тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM