Биз менен байланышыңыз

Михаил Саакашвили Грузияга кайтып келгенин билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Окт 2021 | 2090 | 0

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили сегиз жылдан кийин мекенине кайра кайтып келгенин билдирди.

Ал Facebookˈтагы баракчасына видео жүктөп, анда Батуми шаарында экенин айтты. Буга чейин Саакашвили Грузияга 2-октябрь күнү кайтарын жарыялаган.

Ошол эле учурда Грузиянын Ички иштер министрлиги Саакашвили чек арадан өтпөгөнүн билдирип, саясатчынын айткандарын төгүндөдү.

Мындан мурдараак Саакашвили Грузияга кайтарын жарыя кылганда өлкө бийлиги саясатчыга камала турганын эскерткен.

Эскерте кетсек, Саакашвили 2004-2013-жылдары Грузиянын президенти болгон. Президенттик ыйгарым укуктары аяктар алдында өлкөдөн чыгып кеткен. Андан кийин ага карата бир нече кылмыш иши козголуп, айрымдары боюнча сот өкүмү чыккан. Саакашвили ага тагылган айыптар саясий өңүттөгү иштер экенин айтып келет.

Грузияга кайтып келүүнү чечкен Михаил Саакашвили камалары эскертилди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM