Биз менен байланышыңыз

Грузияга кайтып келүүнү чечкен Михаил Саакашвили камалары эскертилди

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Сен 2021 | 766 | 0

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили 2-октябрда мекенине кайтып келет. Бул тууралуу саясатчы Facebookˈтагы баракчасына 27-сентябрда жазды.

Ал Грузияга жергиликтүү бийлик органдарына боло турган шайлоо күнү келет. Михаил Саакашвили мекенине кайтуу үчүн билет да сатып алып койгон.

Бүгүн, 28-сентябрда өлкө премьер-министри Ираклий Гарибашвили мурдагы президент Михаил Саакашвили Грузиянын жерине буту аттагандан кийин эле дароо камакка алынарын билдирди. Анын камалышына тоскоолдук жарата турган адамдар мыйзамга ылайык жазаланат.

Анын айтымында, Саакашвили Грузияга башаламандык уюштуруп, өзүнө бийликти кайтарып алууну көздөгөндүктөн келгени жатат.

Эскерте кетсек, Саакашвили 2004-2013-жылдары Грузиянын президенти болгон. Президенттик ыйгарым укуктары аяктар алдында өлкөдөн чыгып кеткен. Андан кийин ага карата бир нече кылмыш иши козголуп, айрымдары боюнча сот өкүмү чыккан. Саакашвили ага тагылган айыптар саясий өңүттөгү иштер экенин айтып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM