1-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын басымдуу аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым райондорунда жаан, Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +12…+17;
Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +5…+10, күндүз +14…+19;
Нарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18.
Бишкекте 1-октябрда маал-маалы менен жаан жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10°,күндүз +14…+16°.