Бишкекте дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалынын алкагында өткөн «Мыкты Семетейчи» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Биринчи орунду Кулмат Сыдыков алып, 200 миң сом утту;
Экинчи орун Нурбек Талантбеков – 100 000 сом;
Үчүнчүлүк Азиз Биймырза уулуна тийип, 70 000 сом менен сыйланды.
Ошондой эле, Сыргак Мурзакматов 35 000 сомдон, Бексултан Имашов, Куттубек Максатбек уулу, Кубанычбек Алмабеков ар бири 25 миң сом жана дипломдор менен сыйланышты.