Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Кыргызстан демократиялык жолдон кайтпайт

Кыска кабар | 22 Сен 2021 | 240 | 0

«Кыргызстан демократиялык жолдон кайтпайт. Бул — биздин эркиндикти сүйгөн элибиздин талабы». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясындагы видеокайрылуусунда билдирди.

Ал жакында Кыргызстандын азыркы тарыхынын жаңы этабы башталган белгилүү октябрь окуяларына бир жыл толорун айтып өттү.

«Бир жыл ичинде биз коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык туруктуулукту калыбына келтирүүгө жетишип, коомдун үмүтүнө жана ишеничине ээ боло алдык. Ошондой эле, президенттик шайлоонун жана Конституция боюнча референдумдун жыйынтыктары эл аралык коомчулук тарабынан, анын ичинде ЕККУнун адам укуктары жана демократиялык институттары боюнча бюросунун байкоочулары тарабынан таанылды.

Алдыда бизди 28-ноябрга белгиленген улуттук парламентке шайлоолор күтүп турат. БУУга мүчө-мамлекеттерди жана эл аралык уюмдарды өз байкоочуларын жиберүүгө чакырам. Шайлоо убагына өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал толугу менен турукташып калат деп ишеним артабыз», — деди Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM