Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаар»: Көчмө камераларды онлайн картадан көрүп турууга мүмкүн болот

Кыска кабар | 22 Сен 2021 | 312 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорунун көчмө камералары мобилдик тиркемелердин онлайн картасына киргизилет. Бул тууралуу 21-сентябрда парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев билдирди.

Ал «Коопсуз шаардын» көчмө камераларынын гана кайсы жерде турганы тууралуу маалымат онлайн картада көрсөтүлбөгөнүн айтып, бул маселе жакында чечилип калат деген оюн айтты.

«Ички иштер министрлиги көчмө камералардын дислокациясы тууралуу бир айлык маалыматты сайтына чыгарып турабыз деген. Биз ал маалыматты онлайн карталарга жайгаштыруу боюнча иш алып бармакпыз. Учурда бизде «2GIS» жана «Яндекс карта» иштеп жатат. Биз алар менен сүйлөштүк. Алар онлайн картага дислокация тууралуу маалыматты киргизип турса, биздин айдоочулар көчмө камералар кайсы жерде турганы жөнүндө маалымат ала алат», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM