Биз менен байланышыңыз

Суданда мамлекеттик төңкөрүш аракети болду

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Сен 2021 | 579 | 0

Суданда мамлекеттик төңкөрүш аракети болду. Ишке ашпай калган төңкөрүштүн аркасында өлкөнүн мурдагы президенти Омар аль-Баширдин тарапташтары турганы кабарланууда.

Учурда 40ка жакын козголоңчу кармалган. Алар танк аскерлеринин кызматкерлери экени айтылууда.

Бүгүн, 21-сентябрда өлкөнү башкарган Эгемен Кеңеш телеканал аркылуу билдирүү жасап, кырдаал көзөмөлгө алынганын айтты.

Эскерте кетсек, 2019-жылы 11-апрелде узакка созулган каршылык акцияларынан кийин аскердик төңкөрүш болуп, өлкөнү 30 жыл башкарган президент Омар аль-Башир бийликтен кетирилген.

Ошол эле жылдын август айында аскерлер менен оппозициялык «Эркиндик жана өзгөрүү үчүн» альянсы 3 жылга эсептелген өткөөл мезгил жөнүндө келишим жана конституциялык декларацияга кол койгон. Учурда өлкөнү жарандык коомдун өкүлдөрү жана аскер адамдары кирген Эгемен Кеңеш башкарат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM