Биз менен байланышыңыз

Жапаров Калмакстандын экс-президенти менен жолугушту

Кыска кабар | 21 Сен 2021 | 188 | 0

Президент Садыр Жапаров Калмакстандын мурдагы президенти, ишкер Кирсан Илюмжинов менен жолугушту. Бул тууралуу Кирсан Илюмжинов Twitterˈге жазды.

Жолугушууда инвестициялык экономикалык долбоорлор, маданият жана спорт тармактарындагы иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланган.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы азырынча жолугушуу тууралуу расмий маалымат тарата элек.

Белгилей кетсек, буга чейин Илюмжинов Талас облусуна иш сапары менен барган. Анда экономика, билим берүү, маданият жана спорт тармактарында долбоорлор талкууланган. Андан тышкары Өзбекстанга Түз ашуусу аркылуу тоннель салуу, Кара-Буура районунун Бакайыр айыл аймагындагы күмүш кенин иштетүү маселелери каралган.

Андан кийин Илюмжинов күмүш кени жайгашкан аймак менен жеринде таанышкан.

Облус башчысы Бакытбек Нарбековдун чечими менен ага «Талас облусунун ардактуу атуулу» наамы берилген.

Эскерте кетсек, Кирсан Илюмжинов 1993-2005-жылдары өлкө президенти, 2005-2010-жылы Калмакстандын башчысы болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM