Биз менен байланышыңыз

COVID-19га каршы вакцинанын экинчи дозасын алгандар 572 миңден ашты

Кыска кабар | 21 Сен 2021 | 243 | 0

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмделген адамдардын саны 1 млн 351 миң 923кө жетти.

Алардын ичинен 775 миң 375 киши вакцинанын биринчи, 572 миң 114 адам эки дозасын тең алган.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 28-мартта башталган. Учурда өлкөдө Sinopharm, «Спутник V» жана AstraZeneca вакциналары менен эмдөө жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM