Биз менен байланышыңыз

«Тазалык» ишканасынын директору Рыспек Сарпашов кызматтан кетти

Кыска кабар | 21 Сен 2021 | 240 | 0

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчилиги алмашты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, Рыспек Сарпашов өз арызы менен директорлук кызматтан кеткен.

Учурда директорлук милдет убактылуу буга чейин Сарпашовдун орун басары болуп келген Айдар Дыйканбаевге жүктөлгөн.

Белгилей кетсек, Рыспек Сарпашев бир эле кызмат орундан үчүнчү жолу кетип жатат. Тактап айтканда, ал 2010-2012-жылдары, 2014-2018-жылдары, андан соң 2019-жылдан бери «Тазалык» ишканасынын директору болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM