Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан «Борбор Азия – БУУ» саммитин өткөрүүнү сунуштоодо

Кыска кабар | 21 Сен 2021 | 273 | 0

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында 20-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун башкы катчысынын орун басары Кортни Раттрей менен жолугушту.

Жолугушууда Казакбаев климаттын өзгөрүшүнө, башка шарттарга, COVID-19 пандемиясына байланыштуу тоолуу мамлекеттер туш болгон көйгөйлөр, ошондой эле ал Кыргызстанда болуп өткөн саясий процесстер, алдыдагы парламенттик шайлоо тууралуу айтып берген.

Казакбаев Кыргызстандын 1 миң тоолуу айылын колдоону сунуштап, Кыргызстан эл аралык коомчулуктун жардамы менен ал жерлерди гүлдөп-өнүккөн жерге айландырууну максат кылып жатканын айткан.

Андан тышкары ал Кыргызстан 76-сессиясында «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын» демилгелеп, анын алкагында 2022-жылды «Эл аралык тоолор жылы» деп жарыялоо боюнча сунушун берерин билдирген.

Аны менен бирге министр 2022-жылы Борбор Азия мамлекеттеринин БУУга киргенине 30 жыл толуп жаткандыктан Борбор Азия мамлекет башчыларынын кеңешинин алкагында «Борбор Азия – БУУ» саммитин өткөрүүнү сунуштаган.

Кортни Раттрей Кыргызстанга тоолуу аймактарды өнүктүрүү, COVID-19 пандемиясын жеңүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин белгилеген. Ошондой эле өз ыйгарым укуктарынын алкагында Кыргызстан менен кызматташарын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM