Биз менен байланышыңыз

Коопсуздук кеңешинин катчысы шайлоо боюнча республикалык штабды жетектейт

Кыска кабар | 20 Сен 2021 | 460 | 0

28-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүүдө шайлоо комиссияларына материалдык-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб түзүлдү. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Шайлоо процессине өз мөөнөтүндө даярдык көрүүнүн, ачык-айкын жана таза шайлоолорду өткөрүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов республикалык штабдын төрагасы болуп бекитилди.

Республикалык штабдын тең төрагасы катары БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев бекитилген.

Республикалык штабга бир катар министрлик жана мекемелердин жетекчилери, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM