Биз менен байланышыңыз

ЮНЕСКО Ооганстандагы кыздардын билим албай каларына кабатыр

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Сен 2021 | 716 | 0

ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азуле Ооганстанда бийликти басып алган талибдердин «мектептер эркек балдар жана мугалимдер үчүн гана ачылат» деген билдирүүсүнө тынчсызданууда.

Одрэ Азуле эгер ал тыюу салуу туруктуу түрдө болсо, анда кыз-келиндердин, аялдардын укугу бузуларын, муну менен Ооганстандын акыркы 20 жылда жетишкен ийгиликтери жокко чыгарын белгиледи.

«Ооганстандын келечеги ооган кыздары менен балдарынын билим алуусуна көз каранды. Биз Ооганстандагы тиешелүү органдарды жана адамдарды бардык балдардын мектепке келип, тоскоолдуксуз билим алуусуна жол ачып берүүгө чакырабыз», — деди ал.

Ошондой эле ал аял мугалимдер да мектепте иштеши керек деген оюн айтты.

«Талибан» кыймылы буга чейин БУУ өкүлдөрүнө жана башка уюмдарга кыз-келиндердин билим алуусуна бут тоспоо убадасын берген. Жакында эле талибдер мектептер эркек балдар үчүн гана ачыларын маалымдашып, бирок кыздар окуусун кийин улантарын же 2001-жылдагыдай толук тыюу салынарын айтышкан жок.

Аталган уюм кыздар мектепке бара албай калса, окуудан артта каларын, ал турсун мектепке кайтпай каларын белгилейт.

Мындан мурдараак чыккан баяндамаларга ылайык, 2001-жылдан бери Ооганстанда кыздар арасындагы сабаттуулук 17%дан 30%га өскөн. 2018-жылы мектептерде 2,5 млн ооган кызы билим алган.

Ошондой эле 2017-жылдан 2018-жылга чейин, тактап айтканда, бир жылда мугалим аялдардын саны 27%дан 36%га чейин көбөйгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM