Биз менен байланышыңыз

Мамдуманы шайлоого Кыргызстандан 3 миңден ашык Орусия жараны катышты

Кыска кабар | 20 Сен 2021 | 269 | 0

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого Кыргызстандан 3 миң 109 орусиялык жаран катышты. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Мамлекеттик Думанын шайлоосуна карата Бишкектеги элчиликте, Ош шаарындагы башкы консулдукта, Кант жана Каракол шаарындагы аскер бөлүктөрүндө добушканалар ачылган.

Белгилей кетсек, учурда Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендердин 70%ын санап чыкты. Бийликчил «Бирдиктүү Орусия» партиясы 48,46% добуш менен алдыда келатат.

Орусия Федерациясынын Коммунисттер партиясы – 20,29%, Либералдык-демократиялык партиясы – 7,69%, «Адилет Орусия» – 7,43% жана «Жаңы адамдар» партиясы – 5,5% добуш алды. Учурда алдын ала жыйынтыктарга ылайык, аты аталган партиялар Мамлекеттик Думага өтүп жатат. Мамлекеттик Думага өтүү босогосу — 5%.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM