Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда президенттикке талапкерлердин үгүт иштери башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Сен 2021 | 1041 | 0

Бүгүн, 20-сентябрдан тарта Өзбекстанда президенттикке талапкерлердин үгүттөө иштери башталды. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Үгүт иштери шайлоого бир күн калганда аяктайт.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда президенттик кызматка 5 адам талапкерлигин койгон: «Улуттук кайра жаралуу» партиясы көрсөткөн Алишер Кадиров, Экологиялык партиядан Нарзулло Обломурадов, Элдик-демократиялык партиядан Максуда Варисова, Либерал-демократиялык партиядан Шавкат Мирзиёев жана «Адилет» социал-демократиялык партиясынан Бахром Абдухалимов.

Мыйзамга ылайык Өзбекстанда шайлоо өнөктүгүнүн башталышы жарыяланган күнгө чейин 4 ай мурда каттоодон өткөн партиялар гана президенттике талапкер көрсөтө алат. Ага байланыштуу учурда коңшу мамлекетте президенттикке талапкерди 5 партия сунуштай алат.

Мындан мурда Өзбекстанда президенттик шайлоону өткөрүүгө 300 млрд сум (28 млн 307 миң доллар) кетери айтылган.

Өзбекстанда мамлекеттик тилди жакшы билген, өлкөдө 10 жылдан ашуун жашаган 35 жаштан жогорку жаран президенттикке талапкер боло алат. Президент 5 жылга шайланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM