Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө алгач ирет триатлон боюнча Азия чемпионаты өттү

Кыска кабар | 20 Сен 2021 | 224 | 0

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында кесипкөй спортчулар жана 13-15 жаштагы балдар арасында алгач ирет триатлон боюнча Азия Чемпионаты (U15 категориясы) өттү.

Азия биринчилигине 9 өлкөдөн: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Палестина, Иордания, Бахрейн, БАЭ, Япония жана Ирандан 57 спортчу катышты.

U15 категориясында 13-15 жаштагы балдар жана кыздар 300 метрге сууда сүзүү, 8 км веложарыш жана 2 км чуркоо боюнча таймашты. Жыйынтыгында балдар арасындагы жарышта биринчи үч орунду Казакстандын спортчулары ээледи. Ал эми кыздар арасында биринчи жана үчүнчү орунду Казакстандын спортчулары, ал эми Кыргызстандын спортчусу Алфина Артыкходжаева күмүш медаль алды.

Elite категориясында кесипкөй спортчулар арасында (эркектер жана аялдар) алдыңкы үчилтиктин курамына Казакстан жана Япониянын спортчулары кирди. Катышуучулар 750 метрге сууда сүзүү, 20 км веложарыш жана 5 км чуркоо боюнча таймашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM