Биз менен байланышыңыз

Орусиянын Пермь университетинде кишилерге ок аткан жаш жигит кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Сен 2021 | 759 | 0

Орусиянын Пермь мамлекеттик университетинде адамдарга кол салып, ок аткан жаш жигит кармалды.

Ал кармоо учурунда каршылык көрсөткөндүктөн, жарадар болгон.

Бүгүн, 20-сентябрда жаш жигит Пермь университетине келип, кишилерге ок чыгарган. Анын айынан 8 адам каза болуп, дагы бир нече киши жабыркаганы кабарланууда. Жабыркагандардын арасында терезеден секирип качам деп, жаракат алгандар да болгон.

Азыркы тапта адамдарга кол салган жаш жигит 18 жаштагы Тимур Бекмансуров экени такталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM