Биз менен байланышыңыз

Мамдумага шайлоо: Бийликчил «Бирдиктүү Орусия» партиясы алдыда

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Сен 2021 | 611 | 0

Орусияда 17-19-сентябрь күндөрү болуп өткөн Мамлекеттик Думага шайлоонун алдын ала жыйынтыктары чыга баштады.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендердин 60,16%ын санап чыкты. Бийликчил «Бирдиктүү Орусия» партиясы 47,19% добуш менен алдыда келатат.

Орусия Федерациясынын Коммунисттер партиясы – 20,88%, Либералдык-демократиялык партиясы – 7,89%, «Адилет Орусия» – 7,54% жана «Жаңы адамдар» партиясы – 5,77% добуш алды. Учурда алдын ала жыйынтыктарга ылайык, аты аталган партиялар Мамлекеттик Думага өтүп жатат.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик Думага өтүү босогосу — 5%.

Орусиядагы бул шайлоодо мыйзам бузуулар, бурмалоолор болгону айтылууда. Маселен, административдик ресурсту колдонуу, бюллетендерди топтоп салуу, шайлоочуларды добушканаларга ташып келүү жана башка арыздануулар болуп жатат. Бирок өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы дооматтардын баарын четке кагууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM