Биз менен байланышыңыз

Жапаров Лондон ассоциациясынын чечими боюнча пикирин билдирди

Кыска кабар | 20 Сен 2021 | 586 | 0

Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров Лондондогу Баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын (LBMA) «Кыргызалтын» ишканасын ишенимдүү жеткирүүчү компаниялардын тизмесинен чыгаруу чечими боюнча пикирин «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анын айтымында, ассоциациянын чечими күтүлгөн иш болчу.

«Жокко чыгаруу убактылуу гана иш, башкача айтканда, жакында калыбына келтирилиши мүмкүн экенин белгилеп кетким келет. Канадалыктар Кыргызстандын элине, республиканын экономикасына жана экологиясына келтирген зыяны үчүн кечирим сурап, бардык жоготууларды кайтарып, тынч жол менен кетет деп эч ким күткөн эмес», — деп жазды ал.

Аны менен бирге Жапаров канадалык компания тараптан башка тоскоолдуктар жана «кыйынчылыктар» болушу мүмкүн экенин айтып, ал нерселер эске алынарын билдирди.

«Адеп баштаганда эле биз алтыныбызды жеткирүүнүн жаңы каналдарынын үстүндө иштей баштаганбыз. Учурда да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азырынча шарттар мурдагыдан начар болбойт деп айта алам», — дейт ал.

Жапаровдун айтымында, бул санкциялардын аркасы менен өлкөбүзгө алтын резервдерин түзүүгө, зергерчилик тармагын өнүктүрүүгө болот.

Белгилей кетсек, Лондондогу Баалуу металлдар рыногу ассоциациясы «Кыргызалтын» ишканасын ишенимдүү жеткирүүчү компаниялардын тизмесинен чыгаргандан кийин Кыргызстан алтынды дүйнөлүк баада сата албай турганы айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM