Биз менен байланышыңыз

Президенттин администрациясы Калиев менен Авазовдун бошотулушу боюнча комментарий берди

Кыска кабар | 17 Сен 2021 | 520 | 0

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу кылмыш иштин алкагында соттолушкан «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы башчысы Айбек Калиев менен «Электр станциялары» ААКнын мурдагы башкы директору Салайдин Авазовдун эркиндикке чыгышы боюнча түшүндүрмө берди.

Маалым болгондой, президент Садыр Жапаровдун атына соттолгон Айбек Калиев жана Салайдин Авазовго ырайым берүү боюнча Жогорку Кеңештин депутаттар тобунан өтүнүч кат келип түшкөн. Ошондой эле Айбек Калиев жана Салайдин Авазов кылган иштерине өкүнүп, өздөрү мамлекет башчысына кайрылышкан.

«Чечим кабыл алардын алдында президенттин администрациясы тарабынан кылмыш иш кылдат изилденип, анын жүрүшүндө жогоруда аталган адамдар кылмыш ишинин негизги фигуранттары болбогону аныкталган. Жогорку Кеңештин депутаттарынын өтүнүч катын карап чыгып, оң мүнөздөмөлөрдү, президенттин администрациясынын ырайым берүү боюнча комиссиясынын сунуштарын эске алып, ошондой эле өзүнүн конституциялык укуктарын пайдаланып, Садыр Жапаров «Айбек Калиев жана Салайдин Авазовго ырайым берүү жөнүндө» жарлыкка кол койду», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек буга чейин Айбек Калиев менен Салайдин Авазов президенттин ырайымы менен эркиндикке чыкканы айтылган. Бирок Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы өз түшүндүрмөсүндө алар «жаза өтөө мөөнөтү аяктагандыктан» бошотулганын билдирген.

Бишкек ЖЭБи иши боюнча Айбек Калиев 14 жылга, ал эми Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга соттолгон.

Copyright © 2017 Maral FM