Биз менен байланышыңыз

Владимир Путин тыюу салууга карабай Кытайдагы кышкы Олимпиадага барат

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Сен 2021 | 855 | 0

Спорттук арбитраждык сот салган тыюуга карабай, Орусиянын президенти Владимир Путин 2022-жылы Кытайда өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына барат.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, мындан мурдаарак телефондук сүйлөшүү учурунда Кытай лидери Си Цзиньпин Путинди кышкы Олимпиада оюндарына чакырган. Орусия президенти ал чакырууну кабыл алган.

Белгилүү болгондой, кызытма чырына байланыштуу былтыр спорттук арбитраждык сот орусиялык спортчуларга 2022-жылдын аягына чейин Олимпиада оюндарында өлкөнүн гимнин, туусун колдонууга бөгөт койгон. Ошондой эле Орусия жетекчилигине, анын ичинде Путинге да эки жылга Олимпиада оюндарына жана Дүйнө чемпионаттарына барууга тыюу салынган.

Эскерте кетсек, Кытайдагы кышкы Олимпиада оюндары 2022-жылы 4-20-февраль күндөрү Бээжинде өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM