Биз менен байланышыңыз

Укук коргоочулар Курсан Асановдун №50 тергөө абагына камакка алынышына тынчсызданууда

Без рубрики , Кыска кабар | 17 Сен 2021 | 490 | 0

«Кылым Шамы» укук коргоо борбору «бийликти күч менен басып алуу аракетине» шектелип камакка алынган ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасын кайра карап чыгууга чакырды.

Аталган борбор Курсан Асанов оор кылмыш жасаган адамдар кармалган №50 тергөө абагына камакка алынганын жана ага жол берилбеши керектигин билдирет. Ал жактан анын өмүрүнө коркунуч жаралышы мүмкүн болгондуктан Асановдун баш коргоо чарасын кайра карап чыгуу зарыл.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Асанов №50 тергөө абагында камакта болгон учурда анын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүшү керек.

Ошондой эле «Кылым Шамы» укук коргоо борбору Кыргызстандын мыйзамына ылайык укук коргоо органдарынын кызматкерлери болгон шектелүүчүлөр (же айыпталуучулар) башка шектелүүчүлөрдөн (же айыпталуучулардан) өзүнчө кармалышы керектигин белгилейт.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда мурдагы ички иштер министри Курсан Асановдун «Толубай» банктын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев менен болгон сүйлөшүүсү делген аудиожазуу тараган. Анда көтөрүлүш тууралуу сөздөр болуп, бир нече саясатчынын аты аталган.

Ага байланыштуу 14-сентябрда Курсан Асанов ИИМге суракка чакырылып, андан кийин убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Асановго Жазык кодексинин 309-беренеси («бийликти күч менен басып алуу») боюнча иш козголгон. 15-сентябрда Биринчи май райондук соттун чечими менен Асанов №50 тергөө абагына 14-ноябрга чейин камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM