Биз менен байланышыңыз

20-24-сентябрда Боом капчыгайында жол жабылат

Кыска кабар | 17 Сен 2021 | 389 | 0

20-24-сентябрда «Бишкек – Нарын – Торугарт» жолунунун Боом капчыгайында жол маал-маалы менен жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Аймактын 131-чакырымында таш кулатуу иштери жүрөт. Буга байланыштуу жол эртең мененки саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот. Бирок унаалар кезек-кезеги менен жолдун бир тарабынан өткөрүлүп турат.

Белгилей кетсек, Боом капчыгайынын үстүнөн «Балыкчы – Бишкек» темир жолу өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM